Мамлекеттик жана эл аралык каттамдар калыбына келтирилет

Мамлекеттик тийиштүү органдарга бир катар өлкөлөр менен эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү боюнча ишти күчөтүү милдеттендирилди.

Бул тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

Отурумда мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Кытай тилкесиндеги "Торугарт-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин жандандыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Премьер-министр медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү төлөө маселесине токтолду.

"Мындан ары бир дагы шаарда, райондо, ал тургай алыскы айылдарда коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоого тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү берүү маселесине жоопкерчиликсиз мамиле жасаган учур кайталанбасын. Мен тартипсиздикке жол бербейм, төлөм боюнча кылдат текшерүүлөрдү жана мониторингдерди жүргүзгүлө", - деди өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов азык-түлүк коопсуздугун жана дары каражаттарынын үч айлык кампасын камсыздоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, тиешелүү тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alishsapan
2020-08-15 14:43:38
Биздин өкмөт бул кытайдан көңүлү калбайт экен да эшек бизнесмендерге чек араны ачат турбайбы россия менен сүйлөшүп эртереек ачкыла да
+13
yomaHA
2020-08-16 00:51:58
Ушу кандай немесиңер эч түшүнбөдүм аэропортко түнөп өлөрманданып атып келдиңер эми кетебиз деп атасыңар кайра Россияга.Кайра аэропортко барып жатып алгыла эми же дагы бир жерге чатыр тигип.Кичине сабыр кылыш керек да ызылдабай.Тынч жашоону жаман көрөт экенсиңер өзү.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан