"Чыгым 3 миллион 200 миң доллар". Кымбат баалуу Bugatti жана Porsche унаалары Альпы тоосунда кырсыкка учурады

Швейцариянын Альпы тоосундагы Сен-Готард ашуусунда эң катуу ылдамдыкта жүргөн кымбат баалуу Bugatti Chiron, Porsche 911 жана Mercedes-Benz C-Class үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 4 унаанын артында бара жаткан Bugatti Chiron унаасы ашып өтүү үчүн каршы тилкеге чыккан. Анын алдында бара жаткан Porsche 911 унаасы күзгүсүн карабастан ал дагы алдыдагы унааларды ашуу үчүн каршы тилкеге чыккан. Жыйынтыгында 1 миң 500 аттын күчүнө барабар болгон Bugatti Chiron унаасы Porsche 911ди артынан сүзүп, эки унаа каршы тилкеде келе жаткан Mercedes-Benz C-Class үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Кырсыктан Mercedes-Benz C-Class унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү оор жаракаттарды алышкан.

Кырсыктан келип чыккан зыяндын жалпы көлөмү 3 миллион 200 миң доллар (250 миллион 80 миң сом) деп бааланган.

Bugatti жана Porsche унаалары кырсыкка учурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidar.001
2020-08-17 18:31:36
Касаптарга 1 миллионго откоруп жиберсин эми
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан