Европа Лигасынын финалга чыккан экинчи командасы аныкталды

Бүгүн, 18-август күнү түндө Европа Лигасынын жарым финалынын экинчи оюну өттү. Бул мелдештин оюндары коронавирус пандемиясынан улам бир эле өлкөдө, тагыраагы Германияда өтүүдө.

Жарым финалдык беттеште Украинанын "Шахтёр Донецк" командасы менен Италиянын "Интер" командасы кез келди. Оюндун биринчи бөлүгүндө эки команда тең топко бирдей ээлик кылып, кези келгенде чабуулга чыгып жатышты. Биринчи бөлүктө 1:0 эсеби менен италиялык команда алдыга чыкты.

Оюндун экинчи бөлүгүндө украиналык команда ылдам каршы чабуулга чыгып жатышты. Ошол эле учурда "Интер" командасы топту өз көзөмөлүнө алып жатты. Экинчи бөлүктө италиялык команда каршылашынын дарбазасына жоопсуз 4 гол киргизип, 5:0 эсебинде утуп, турнирдин финалына ишенимдүү кадам таштады.

"Шахтёр Донецк" - "Интер" 0:5;

Голдор: Лаутаро Мартинес (19, 74-мүнөттөрдө), Данило Д’Амброзио (64-мүнөттө), Ромелу Лукаку (78, 83-мүнөттө).

Мунун менен "Интер" клубу Европа Лигасынын финалына чыгып, финалда испаниялык "Севилья" командасы менен кез келет. Бул эки команданын оюну 22-август күнү саат 01:00 дө (Бишкек убактысы боюнча) Германиянын Кёльн шаарындагы "Рейн Энерги" стадионунда өтөт.

"Шахтёр Донецк" - "Интер"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Islam98
2020-08-18 15:06:03
Севилья обладатель кубка лиги Европы 2014,2015,2016…2020 тоже Новерно! Севилья вперёд!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан