Германиянын "Бавария" футболдук клубунун коргоочусу, 19 жаштагы Алфонсо Дэвис Чемпиондор Лигасынын чейрек финалындагы "Барселона" командасы менен болгон оюндан кийин Лионель Мессинин футболкасын сурап, бирок ала албай калган. Бул тууралуу футболчу "Goal" басылмасына билдирген.
"Оюн бүткөндөн кийин мен андан футболка алмашууну сурангам. Бирок ал бир аз капа болуп туруптур, жооп берген жок. Баары жакшы, мүмкүн кийинки оюнда алмашабыз", - деген Дэвис.
Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюнунда дал ушул Альфонсо Дэвис Лионель Месси ойногон канатта оюн алып барган.