Поэтерапия: "Сыртта жамгыр, көздө жаз, көңүлдө күз, Билбейм азыр кай мезгил, өмүрдөбүз?..."

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

Жаш акын Бердибек Жамгырчиев 1987-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган. 2010-жылы Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. 2011-2014-жылдары "Түнкү Белес" радиосунда алып баруучу болуп эмгектенген. "Жүрөктө калган бир ысым" (2013) поэтикалык жыйнагынын автору. 2014-жылы аталган жыйнак кайрадан оңдолуп, толукталып, экинчи жолу басылып чыккан. Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (2015) жана Эгемберди Эрматов атындагы сыйлыгынын лауреаты (2019). Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Акындын ырлары казак, өзбек, түрк, азербайжан, кытай тилдерине которулган. Бир нече ырына обон жазылып, учурда белгилүү ырчылар тарабынан аткарылып келет.

ЭНЕ ЖҮРӨГҮ

Оо энеке, бакыт жаайт жамалыңда,
Ойго баттың, доорумда, заманымда.
Неге анда асманды карап жүрөм,
Бейиш болсо өзүңдүн таманыңда.

Ооба, бейиш, мээрим бар катылбаган,
Ооба, бейиш, бакыт бар жашырбаган.
Тирүүчүлүк өкүмүн сүрөт анан
Наадандардын максатын батырбаган.

Кадамынан күнүгө тапкан ардак,
Кимдер сенин ролуңду аткара алмак.
Тагдырымдан запкы жеп кулап жатсам,
Жүрөгүңдү берээрсиң башка жаздап.

Балалык доор, өмүр да өтүп жатат,
Бир бурчунан бир бурчка көчүп жатат.
Сенделгенде карайлап жарык таппай,
Сенин гана үмүтүң эшикти ачат.

Бир окуя жүрөктү келет өйүп,
Бар бактысы чайпалып, кеме чөгүп.
Жээкке сүрүп бу турмуш таштады эле,
Жан досумдун жаш эле энеси өлүп.

Оңой менен кайгыны тоготпогон,
Майышса да кайратын жоготпогон.
Өмүрүндө ыйлабас ошол досум,
Энекелеп, жер муштап шолоктогон.

Карегиме кан толуп көлкүлдөгөн,
Калдым досум тагдырдын өртүндө мен.
Энекең бар, сезилбес азыр сага,
Дүйнөдө жок бактылуу сенсиң деген.

Достун сөзү чынында тереңде экен,
Кайдан билдим, кайгыга эленбесем.
Бар дүйнөмдү ичинен багып жүргөн,
Бакытымдын башаты энемде экен.

Байкоо салсам өзүмдү терең карап,
Мен чырпыкмын, балпайган энем дарак.
Октоп келсе мылтыгын ажал бир күн,
Ойлонбостон мен үчүн энем барат.

Жолдор татаал өмүрдө эне баскан,
Көөдөндөгү көзүмдү энем ачкан.
Кара түнгө айланып энем жокто,
Каралбаган үйдөймүн желе баскан.

Ашууларга көз жетпейт энем ашкан,
Санааларга сөз жетпейт эне баткан.
Энелерди окшотом зор кемеге,
Түйшүктөрдү көтөрүп келе жаткан.

Күлтүңдөгөн уулдарын кошо жандап,
Эне жүрөт чечилбес түйүндө да.
Таяк менен үмүттү кошо кармап,
Эне жашайт карылар үйүндө да…

Жакшы ойлор заматта тебеленип,
Колум барбайт кээ кезде жазаарга да.
Оокат сатып, турмушту тегеренип,
Эне жүрөт күнүмдүк базарда да…

Кол жетпеген сыйда да эне жүрөт,
Шор кетпеген ыйда да эне жүрөт.
Тирүүлүктү айланып күн сыяктуу,
Тириликти жылыткан эне жүрөк.

Тереңинде күн жаткан эне жүрөк,
Сезимине гүл баккан эне жүрөк.
Ата-журтка мээримин төшөп коюп,
Таш жолунда өмүрдүн эне жүрөт.

Көлөкөңдөй өлгүчө коштогон ким,
Көңдөй уулун жаманга кошпогон ким.
Бейишиңден айрыган тозок ошол,
Энелердин жүрөгү токтогон күн…

Эч ким сыздап энесин жоктобосун,
Энелердин жүрөгү токтобосун!!!

- "Эне жүрөгү" ырыңыздын жаралуу тарыхы жөнүндө айтсаңыз?

- 2017-жылы – Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы "Менин энем" аттуу республикалык сынак жарыялап калды. Негизи эле ага чейин энелер, апалар тууралуу кандай ыр жазсам, коомдогу ордун ачып бере аламбы деп бушайман болуп, жүрөгүмдө кээ бир саптар кайнап жүрдү эле. Бир жакын досум, апасынан айрылып, ал күйүтүн мага төгүп, мен ал күйүттү да ырга салып жаздым. Ошол конкурска катышып, ошол кайнаган саптарды жазууга бел байлап, ырды бир күндө жазып бүтүрдүм да, сынакка жөнөттүм. Конкурска калыстык кылган чыгаан акын эже-агайлар Карбалас Бакиров, Фатима Абдалова жана башка акындардын чыгарган жыйынтыгы менен "Эне жүрөгү" ырым баш байге, Гран-Приге ээ болду. Сыйлыкты ошол кездеги Тил комиссиясынын төрагасы, депутат, акын, котормочу агайым, маркум Эгемберди Эрматов өз колу менен тапшырып, ченемсиз батасын берген. Кийин Эгемберди агай кайсы бир жерден жолугуп калып, "ушул ырыңды тоодо болобу, тойдо болобу, бардык жерде күпүлдөп окуп жүр, бул ырың абдан мыкты жазылган" деп дагы бир жолу толкунданткан. Айткандай эле, бул ырымды кайсы гана жерде окуган жокмун, көпчүлүк жерде шолоктоп ыйлап угуп отургандарды көп байкайм. Демек, бул ырым өз максатына жетти деп ойлойм.

Тагдырдын буйругу экен, 2019-жылы Ош шаарында Эгемберди Эрматов агайдын жаркын элесине арналып өткөн фестивалда, Эгемберди Эрматов атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты болдум. Ошол жерде да Эгемберди агай, ошол ырыңды оку деп, руху айланып жүргөндөй сезилди, университеттин чоң залында күпүлдөп окудум. Кыскасы бул ырым жакшылардын көзүнө илинген, жаркын ырлардын бири болду.

ГЕНИЙЛЕР

Генийлер өмүрү жутунбайт,
Чоң тойсо чокчоңдоп кутурбайт.
Жалганга жармашпайт, бир гана,
Жан дүйнө байлыгын утурлайт.

Генийлер жөнөкөй кийинет,
Кыйналат, миң өлөт, тирилет.
Жалтырак жамынып жашабай,
Жарык нур көргөнгө сүйүнөт.

Жашабайт чөгөлөп, актанып,
Өз ишин унчукпай аткарып.
Өмүрдү башкача сүрүшөт,
Артында акмалап ак жарык.

Ачылып турмуштун арааны,
Ансайын күчөтөт санааны.
Саясат гүлдөгөн өлкөдө,
Көрүнбөйт генийдин карааны.

Табышмак өмүрдү сүрүшөт,
Жалындап от болуп күйүшөт.
Биз менен бир жашап жатса да,
Генийлер байкалбай жүрүшөт.

Генийдин нурунан Күн жаркыйт,
Генийдин мээринен түн балкыйт.
Биз көрбөс бакыттын чоңдору,
Генийдин жолунда тургансыйт.

Кепинге чындыкты жашырып,
Келебиз жалганга баш уруп.
Генийлер баркталбас өлкөдө,
Баркталат кемчонтой, макулук.

Курсактын ичинде күрөшүп,
Келечек бир күйүп, бир өчүп.
Жар бойлоп бараткан өлкөбүз,
Генийин четинен түгөтүп...

- "Генийлер" аталышындагы ырыңыздын тарыхы жөнүндө кеп курсаңыз.

- Бул ырымдын жазылганына 8 жылдай болуптур. Арабызда не бир сонун, таланты тоодой, бирок өзү жөнөкөй, эч кимден көзүнө илинбей деле, көрүнбөй деле жүрө берген керемет өнөрлүүлөр бар. Алардын улуулугун эч кимибиз убагында байкабайбыз, тескеринче мыскыл сөздөр менен шылдыңга алып турабыз. Бир акындардын чакан кечесинде отуруп, дал ошондой таланттуу, бирок жупуну агама көңүлүм бурула түштү... Байкасам баары аны тамашалашат, мыскылдашат. Бирок анын өнөрү көбүн басып кетээрин билген бар, билбеген бар. Ошол жерден анан "Генийлер" ырымдын алгачкы саптары жүрөгүмдө жазылып жатты... Үйгө жетээрим менен калем кагазымды алып, ырды жазууга кириштим. Түн бир оокумга чейин отуруп, жазып бүттүм.

Ал кезде достор менен бирге батирде турчу элек, алар адатынча, кайсы сулууга ыр жазып жатасың дешип калышты. Мен бир инсандын улуулугуна ыр жазып, башка улуу инсандардын да бейнесин ачкым келип жатат дедим. Ошентип ырым бүтүп, далай жерде окулган, далай адамдардын көңүлүн бурган ийгиликтүү ыр болду. Кийин оңдоп-түзөп, дагы куплеттерден коштум. Атактуу акын Анатай Өмүрканов агайым, ушул ырың абдан мыкты болгон деп өз баасын, батасын берген.

Сыртта жамгыр...көздө жаз...көңүлдө күз...

Сыртта жамгыр, көздө жаз, көңүлдө күз,
Билбейм азыр кай мезгил, өмүрдөбүз?...
Эрээркетет тамчыдай сенин үнүң,
Токтоңузчу, жамгырдай төгүлбөңүз..

Токтогум жок негедир, токтогум жок,
Өтүп кеткен өткүнгө окшогум жок.
Өлгүм келбейт, кайрадан өнгүм келет,
Кусалыктын обонун коштогум жок.

Жүрөк кебез карындаш, жүрөк кебез,
Турмуш бизди аяйбы…күлөт мерез.
Талашууга күч жетпейт боёкторун,
Тагдыр деген табигый сүрөткер эх..

Бутта кишен, байкасаң башым отто,
Күткөн бактым төгүлдү ташып отко.
Кереги жок мага азыр жылуу сөздүн,
Күйгүм келет ансайын качып отко…

Көзүм булут, көңүл күн, жашым жамгыр,
Көкүрөктө өрт күйөт ашынган бир.
Жаштыгымдын бүтүндөй саатын алып,
Издетүүдө сезимге жашынган нур.

Карегиңде гүлдөйт ээ өмүр жазы,
Шашпа, токто, карекке чөмүл дагы.
Бүчүр байлап жандансын кайра баштан
Мен жоготкон кечээги көңүл жазы.

- Көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган дал ушул ырыңыз качан, кайсы мезгилде жазылды эле?

- Жаздын бир жамгырлуу күнүндө жазылган махабат ырларымдын бири. Жаз келсе эле адамдын баарынын көңүлү гүлдөп кетпейт экен... Жан дүйнөм жамгыр менен кошо төгүлүп, терең ойлорго чөмүлүп, өткөндү эстеп отурган учурда жазылган ырым. Зайырбек байкем айткандай, мен ырды жазбай эле, ыр мени жазып, махабат менен кусалуу жаздын, өмүр менен табияттын өзгөчө ирмемдери карегимде гүлдөп турганда жаздым. Сүйүүнүн күчүнөн сүрдөп турганда, ички дүйнөм тулпарлардын жарышындай дүрбөп турганда жаздым. Жаздым, жазып эле тим болбой ошол учурларда өңдөн аздым. Жамгырды көбүбүз көз менен көрүп суктанабыз, а жүрөк менен көрүп суктанган не бир керемет.

Бул ырым да далай жерде окулган, далай адамдардын жан дүйнөсүндө жашаган жакшы ырлардын бири болду. Айрыкча жолугушуу кечелерде ини-карындаштар ушул ырымды көп суранышат.


кошулду
Бердибек Жамгырчиев "Эне жүрөгү"
Бердибек Жамгырчиев "Сыртта жамгыр"
Бердибек Жамгырчиев "Генийлер"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alia82
2020-08-28 23:29:23
Мынча сонун ырларын, онорун оркундой берсин, талантына бали!!!
0
i1urp
2020-08-29 07:29:34
Уксан сонун ыр экен. Эмне учун генийлер деген теманы тандап алды. Генийлер жонундо жакшы айтылыптыр. Бизде генийлер коп болсун.
0
Raihan0602
2020-08-29 09:34:45
Эң сонун!!!
0
Talantbek80
2020-08-29 21:29:05
Азаматсын калемин курчуй берсин
0
Blueaffair
2020-08-30 03:09:57
Курч создор менен ..Азаматсын!
0
Mirnar
2020-08-30 23:32:25
Генийлер деген ырын, Жогорку кенештекилерге Гимн кылып жаттатып, кундо иш баштаарда ырдатып туруш керек. Келечегибиз кайда кетип баратканын эскерип.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан