Көптөн күткөн күн. Орусиядагы жарандардын мекенине келүүсүнө жол ачылды

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги жана шаарлардагы консулдуктары жарандардын мекенине кайтып келиши үчүн чартердик рейстерге тизме түзүүнү токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга байланыштуу “Авиатрафик”, “Аэрофлот”, “Сибирь”, “Тез жет” жана “Урал авиалиниялары” авиакомпанияларына билеттерди расмий авиакассалары же веб-сайт аркылуу өз алдынча сатууга укук берилген.

27-августтан баштап Кыргыз өлкөсүнүн бардык жарандары мекенине кетүүнү кааласа, элчиликке кайрылбай эле авиабилеттерди түз сатып ала алышат”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө жогорудагы авиакомпаниялардын учактары Бишкек менен Ош шаарларына Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан каттап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Sambet08
2020-08-27 03:03:23
Ошондо кандай аэропортко барып билет сатып алып учуп кете беребизби, Россия чек араны ачтыбы?
+3
AdylbekB84
2020-08-27 03:09:22
Sambet08,оа ошондой экен кеткенге жол ачылыптыр, келгендерге эмес!
+1
bekbolotabdirasulov
2020-08-27 12:44:18
Sambet08, ооба сиз Россияда болсоңуз алдын кантип билет сатып алгансыз ошентип алып келе бересиз!
0
Belek1710
2020-08-27 03:39:50
Ураа!
0
Belek1710
2020-08-27 03:41:57
Оренбургдан жок экен го
-1
rysik79
2020-08-27 06:31:33
Жумушуңар болсо иштей бергиле чырактар. Бизге келсеңер баягыле көрүнүш...
+29
Agayu
2020-08-27 09:17:54
Ал жактан келсе болобу ?
-1
Majit1975
2020-08-27 10:50:49
Билет канчадан болуп атат?
-1
Kubatbek1974
2020-08-27 11:41:02
Жакшы болуптур
0
bakan
2020-08-27 11:50:18
Ошондо только кыргыз жарандары эле кетеби оруссиянын жарандарычы
+1
bekbolotabdirasulov
2020-08-27 12:45:39
bakan, Кыргыздарга деп атат, калгандар тууралуу маалымат айтылган эмес.
0
MAKALAK
2020-08-27 12:38:12
Сайтта жокко анан билет
+2
bekbolotabdirasulov
2020-08-27 12:45:10
MAKALAK,бүгүн уруксат берилди жайгаштырып жатышат окшойт, обновить этилет сайттар карап турсаңыз aviasales деген сайттан
0
Beks0207
2020-08-27 13:38:27
кыргыздар келеберет билет алып росиянын жарандарыда келеберет себеби кыргызстан 31олконун жарандарына кирууго уруксат берген анын ичинде россияда бар тушундунорбу
+1
katerina.li
2020-08-27 18:29:48
Кг да жумуш жок
+3
D.I.D.
2020-08-27 21:07:44
Кыргызстанда азыр охранный агенстволор менен швеяларга эле жумуш табылышы мумкун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан