Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын футболчусу, учурда Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунда ойногон Гүлжигит Алыкулов Казакстан Премьер-Лигасынын IV турдук оюнунан кийин мыкты символикалык команданын курамына кирди.
Гүлжигит Алыкулов Беларусь өлкөсүнүн "Неман" клубунан коңшу өлкөнүн "Кайрат" клубуна ушул жылдын январь айында өткөн.