«Керемет Банк» менен «Кепилдик Фондунун» биргелешкен долбоору Кыргыз Республикасында бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат

Бүгүн «Кепилдик фонд» ААКы жана «Керемет Банк» ААКы Кыргыз Республикасынын чакан жана орто бизнестин субъектилерине насыя берүүдө кепилдик берүү боюнча кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту. Документке «Керемет Банк» ААКтын башкармасынын төрагасы Эркинбек Жумабаев жана «Кепилдик Фонд» ААКтын башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров кол койду.

Банк Фонд менен кызматташуу Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнө оң таасирин тийгизет деп эсептейт. Учурдагы статистика көрсөткөндөй каржылоо үчүн банктарга кайрылган чакан жана орто бизнестин айрым ата мекендик өкүлдөрү насыяны алуу үчүн жетиштүү күрөө менен камсыздоодо кыйынчылыктарга туш болушат. Эми «Керемет Банкка» насыя алуу үчүн кайрылганда, ишкерлер банк менен Фонддун биргелешкен сунушун колдонуп, өздөрүнө керектүү ресурстарга жетүүнү жеңилдетишет.

Фонддун башчысы Малик-Айдар Барктабасович аталган документке кол коюу учурунда Республикада ишкердикти өнүктүрүү «Кепилдик фондунун» ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналарын белгилеп өттү. Өнөктөш банктар менен ушундай кызматташуунун аркасында ата мекендик ишкерлерге өлкөдө жагымдуу бизнес климатын түзүүгө жардам берген ресурстарга жол ачылат.

«Керемет Банктын» башчысы Эркинбек Алтымышевич кызматташуунун бул модели ата мекендик бизнести өнүктүрүүгө жана жалпысынан өлкөнүн экономикасын жандандырууга өбөлгө болуу менен ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет деген пикирде.

"Мен «Керемет Банктын» ушул маанилүү социалдык-экономикалык долбоордун бир бөлүгү болгонуна кубанычтамын жана биргелешип Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошоорубузга ишенем", - деп билдирди Эркинбек Алтымышевич.

Кол коюлган келишимдин алкагында ишкерлерге насыя берүү жөнүндө кеңири маалыматты (0312) 55-44-44 номери боюнча «Керемет банктын» 24/7 байланыш борборунан, (0557) 55-44-44 номери боюнча WhatsApp, расмий сайты аркылуу жана ошондой эле банктын тейлөө кеңселеринен алсаңыз болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан