Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу төмөнкүлөр сыйланды.
"Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамын алгандар.
Алсеитова Шайгүл Токтакуновна – Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
Бактыгулов Сталбек Алтымышович – композитор, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү, композитор;
Ивакова (Момушова) Гүлмайрам Момушовна – ырчы, аткаруучу;
Малдыбаева Жылдыз Абдыласовна – композитор, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү;
Уркан Урманов – А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин артисти.