Абактан июнь айында чыгышкан. Чүйдө уй уурдаган деп шектелип эки жаран кармалды

Чүй облусунун аймагында мал уурулук менен алектенип жүргөн деп шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-август күнү Москва районунун Сретенск айыл округунда жашаган жергиликтүү тургундун эки уюн уурдап кетишкен. Такталган маалымат боюнча, укукка каршы аракеттерди мурда соттолгон эки адам жасаганы белгилүү болгон. Бирөө Өзбекстан Республикасынын 1989-жылы туулган С.Э. аттуу жараны, ал эми экинчиси Ош облусунун Алай районунун 1997-жылы туулган А.А. аттуу тургуну болгон.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, алар ушул жылдын июнь айында абактан чыгышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, жумуш жөнүндө берилген жарыялар боюнча мал багуучу болуп орношушкан. Иштегенинен бир апта өтпөстөн, жумуш берүүчүнүн малын уурдап кетишкен. Абалдан пайдаланышып, түнкү маалда алар жергиликтүү тургундун сарайынан “симментал” жана “ала-тоо” асыл тукумдуу эки уйду уурдашкан. Жабырлануучуга келтирилген чыгым 160 миңден ашык сомду түзгөн. Шектүүлөр малды тезинен сатып, изин жашырууну көздөшкөн. Ошондуктан алар интернеттеги жарыя берүүчү тиркемесин пайдаланып, жүк ташуучу автоунааны чакырып, ага уурдалган уйларды жүктөшкөн. Шектүүлөр Чүй облусунун Москва РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан