Бүгүн, 3-сентябрда парламентте Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Тынчтык Шайназаровдун талапкерлиги жактырылды.
"Ишеним көрсөткөнүңүздөргө чоң рахмат. Бүгүнкү күндөн тарта депутаттык ыйгарым укуктарымдан баш тартам. Мамлекетибизде аманчылык болуп, шайлоо жакшы өтсүн. Бардыгыңыздарга ийгилик каалайм", - деди ал.