Россия-Кыргыз ѳнүгүү фондунун беш жылдык жыйынтыгы: Кыргызстан боюнча миңдеген долбоор, он миңдеген иш орундары

Россия-Кыргыз ѳнүгүү фонду (РКѲФ) Кыргызстандын рыногунда беш жылдан бери иштеп келет. 2015-жылдын катаал экономикалык шарттары, ишкерлердин тѳлѳѳ мүмкүнчүлүгүнүн тѳмѳн болушуна карабастан, фонд насыя программаларын ишке киргизип, болочок кардарларынын тизмесин түзѳ алды.

Ошол жылдары фонд кичи жана орто бизнестин 70ке жакын ири жана 2,6 миң кичи долбоорлорун каржылады. 400 миллион доллардан ашуун каражат Кыргызстандагы бизнес жана ишкерликти ѳнүктүрүүгѳ жумшалып, жаңы иш орундары ачылып, республиканын бюджетине тѳлѳмдѳр түшүп турду. Жергиликтүү бизнес насыялардын жардамы менен жаңы мүмкүнчүлүктѳрдү ачууда – Евразия экономикалык кеңешине кирген ѳлкѳлѳрдүн рыногун багындырууда.

Пайыздар тѳмѳндѳтүлдү!

Кыргызстанда экономиканын келечектүү тармактары арбын, аны ѳнүктүрүп, ошону менен алектене турган мүмкүнчүлүктѳр бар. Ишкердин негизги кѳйгѳйү – акча. Кѳпчүлүк насыя алууга даяр, бирок насыя мѳѳнѳтү жана пайыздык туумдары коммерциялык банктардын болочок кардарларын чочулатат. Ал эми Россия-Кыргыз ѳнүгүү фондунун негизги ѳзгѳчѳлүгү – пайыздык үстѳктүн тѳмѳн болушунда.

РКѲФ иштей баштагандан тартып коммерциялык банктарды каржылайт, кичи жана орто бизнеске каражат берип турат. Сом менен 22,5 пайыз, доллар менен 15,3 пайыз насыя алгандан кѳрѳ 5 жылдык мѳѳнѳткѳ сом менен 12 пайыз, АКШ доллары менен 5 пайызга насыя алуу ыңгайлуу эмеспи.

1 миллион доллар жана андан жогору болгон ири бизнес-долбоорлор фонд тарабынан түз каржыланат. Бул жерде пайыздык үстѳк жылына болуп кѳрбѳгѳндѳй 4 пайызга тѳмѳндѳтүлүп 5 жылдан 15 жылга берилет. Кийинки жылдары насыя берүү шарттары тѳмѳндѳй берди. 2019-жылдын соңунда кичи жана орто бизнеске инвестиция салган ишкерлер РКѲФ аркылуу коммерциялык банктардан кыргыз сому менен 9 пайыздык насыя алуу мүмкүнчүлүгүнѳ жетти, ал эми насыянын мѳѳнѳтү 7 жылга чейин узартылды.


География жана багыттарды кеңейтип

Ошол 5 жылдын ичинде РКѲФ каржыланган долбоорлордун географиясы кыйла кеңейди – баардык облустук шаарларда консультациялык борборлор ачылды. Экономикалык жактан жигердүүлѳрү, күтүлгѳндѳй эле Чүй жана Ош облустары болду. Насыя алууну жеңилдетүү үчүн фонду айрым аймактар үчүн зайымдын минималдуу суммасын тѳмѳндѳттү.

Насыялоо үчүн келечектүү тармактардын тизмеси жаңы багыттар менен толукталды. Иштетүү, жеңил ѳнѳр жай, агрокомплекс жана туристик тармактарды насыялоодон тышкары фонду унаа куруу, электрондук жана химия ѳнѳр жайын каржылоосун баштап, инфраструктура, унаа жана логистикалык ишканаларга насыя бере баштады.

РКѲФ каржылоосунун жардамы менен ѳлкѳдѳ биринчи кѳз карандысыз «Текстиль Транс» текстиль фабрикасы ачылды. Анын ачылышы менен республикада токума кездеменин ѳздүк наркы тѳмѳндѳдү. Ошондой эле ѳлкѳдѳ жаңы кичи ГЭС ачылып, аны курууга насыяны «Тегирменти гидроэлектростанциясы» ЖЧКсына берилди. РКѲФтүн каражатына «Кыргызаэронавигация» МИ жана «Эл аралык аэропорт «Манас» ААК сыяктуу стратегиялык жактан маанилүү ишканалар жаңыланды. Мындан тышкары «Кошой» жана «Кайыңды-Кант» шекер заводдору каржыланды.

Ѳткѳн беш жылдын ичинде фонд ѳлкѳдѳгү иштеп жаткан банктардын жарымын кызматташууга тартты. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча РКѲФ менен болгону тогуз банк кызматташса, 2019-жылдын аягына карата анын саны 15ке жетип, тѳрт кичи каржы уюмдары кошулду. Ошентип ишкерлер үчүн насыя алуу мүмкүнчүлүгү кеңейди.


Кирешенин ѳсүшү жана жаңы иш орундары

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча РКѲФ каржылаган ишкана жана жеке ишкерлердин туунду кирешеси ИДПга карата 8,7 пайызды түздү. Бул ѳтѳ кѳп, аны республиканын ири алтын казып алуу кенинин кирешеси менен салыштырса болот. Ал ишканалардын салык тѳлѳмдѳрү 5,4 миллиард сомго жетти – республиканын саламаттыкты сактооо тармагы да мындан аз сарптайт. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 3,4 миң жаңы иш орундары ачылды.

РКѲФтун дагы бир эффективдүүлүк мисалы: учурда фонддун капиталдаштыруусу республиканын банк системин жалпы алгандагы капиталдаштырууга барабар. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы банк системинин капиталы 604,1 миллион долларды түзсѳ, 2019-жылдын аягына карата фондунун ѳздүк капиталы 532 миллион долларды түздү.

Бул сандар кыргыз экономикасынын мүмкүнчүлүгү кең экенин кѳрсѳтүп турат. Демек, ѳндүрүш ачып, Советтер Союзунан бизге мураска калган иштебей турган ишканаларды жандандырууга болот экен да. Демек, биздин ишкерлер бизнес куруп, насыяга алынган акчаны кайтарып берүүгѳ жоопкерчиликтүү мамиле кылат экен да.

Албетте, республиканын экономикасы жаңыдан бутуна туруп келе жатат. Кичи жана орто бизнести ѳнүктүрүү – туруктуулуктун пайдубалы. 5 жылдын ичинде фонду ИДПнын онунчу бѳлүгүн камсыздап берди, ушуну менен ал токтоп калбайт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан