Казармандагы 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Каза болгондордун ким экендиги белгилүү болду

Бүгүн, 4-сентябрь күнү саат 09:00 чамасында Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Тагай тилкесинде 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталганы ӨКМ тарабынан маалым болгон. Анда Ауди А6 үлгүсүндөгү унаа менен ХОВО үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматынын алдын ала маалыматына ылайык, каза болгондор Атай айылынан Казарман айылына куран окутууга бара жатышкан. Мекемеден каза болгондордун аты-жөнү, жашы белгилүү болгонун билдиришти.

Каза болгондор:

1943-жылы туулган Т.И. (аял киши) - жүргүнчү;

1956-жылы туулган Б.Б. (аял киши) - жүргүнчү;

1962-жылы туулган Б.М. (аял киши) - жүргүнчү;

1962-жылы туулган М.Б. (эркек киши) - айдоочу;

1963-жылы туулган О.Г. (аял киши) - жүргүнчү;

1965-жылы туулган О.У. (эркек киши) - жүргүнчү;

1967-жылы туулган К.К. (аял киши) - жүргүнчү;

2012-жылы туулган К.Э. - жүргүнчү.

Ал эми ХОВО үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу 1993-жылы туулган Ж.Б. экени белгилүү болду. Ал эч кандай жаракат албаганын кошумчалады мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nur777
2020-09-04 18:21:13
Жаткан жерлери жайлуу болсун((((((((((
+2
Jaka78
2020-09-04 19:31:17
өтө өкүнүчтүү
+4
Nursul
2020-09-05 12:52:19
Өтө өкүнүчтүү. Жакындарына сабырдуулук каалайм
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан