Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 15 саясий партияга катышууга уруксат берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришет.
"Бул партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына 1 миң 957 талапкерди көрсөтүшкөн, анын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылды.
Жалпысынан 1 миң 912 Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катталды. Алардын ичинен 618и же 32,32 пайызы аял", - деп айтылат маалыматта.