Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы арызы каралат. Бул тууралуу партия лидери Адахан Мадумаров онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматты Жогорку Соттон дагы тастыкташты.
"Биз 3 күндөн бери Кыргыз өлкөсүндөгү эң мыкты делген адистер, жактоочулар, укук коргоочулар менен отуруп "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттабай коюуга мүмкүнчүлүк тапкан жокпуз. Конституция жана шайлоо мыйзамдары боюнча бизди каттабай коюуга эч кандай себеп жок. Азыркы болуп жаткан кырдаалдын чыңалышына БШК гана күнөөлүү. Соттук териштирүү бүгүн саат 16:30га белгиленди", - деди Мадумаров.
3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп, анда БШКнын жумушчу тобу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкерлердин тизмесин түзүүдө катачылык кеткендиги үчүн каттоодон баш тартуу сунушун берген. БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдогон.
Буга чейин экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жана анын лидери Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз менен кайрылган. Анда Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга берген талапкерлердин тизмесин каттоого албаш керектигин айткан. 2-сентябрда БШКнын жыйынында экс-депутаттын арызы каралып, ал канааттандырылган эмес.