6-сентябрда Чүй облусунун чек арачылары аткезчилик жол менен мыйзамсыз жүк өткөрүп бараткан жарандарды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылына жакын жерде мамлекеттик чек арада нөөмөттө турган кызматкерлер Казакстанды көздөй бара жаткан Тойота унаасын токтотушкан.
Унааны текшерүү учурунда чек арачылар маркасы жок тамекини табышкан.
"Жарандар мыйзамсыз жүктү өткөрүү пунктунан Казакстанга өткөрүп кетүүнү пландаштырган. Ал эми контрабандалык жүктүн жалпы баасы 800 миң сомдон ашык болгон", - деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар жана жүктөр кошумча тергөө амалдары үчүн тийиштүү кызматкерлерге өткөрүп берилген.