Баткен облусунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылына электр энергиясы жеткирилет. Бул тууралуу "Ош электр" ААКтын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында, "Улуттук энергохолдингдин" төрагасы Айтмамат Назаров жана "Ошэлектр" ААКтын башкы директору Артур Жусуев Зардалыга барып, жери менен таанышып, айылдыктарга электр энергиясын жеткирүү тууралуу маселени талкуулашты.
Зардалы айылына бардык үйгө 0,4кВ аба чубалгысы жана 2 даана көмөк чордону курулат. Мындан сырткары айылдан 4 чакырым алыс жайгашкан чек ара кызматынын заставасына 1 даана көмөк чордону коюлуп, жогорку вольттуу линия тартылат.
Эске салсак, соңку бир нече жылдардан бери Зардалыда жарык жеткирүү эң орчундуу көйгөй болуп келген.