Футболчу Хамес Родригес Англиянын "Эвертон" клубуна өттү

Белгилүү колумбиялык футболчу, 29 жаштагы Хамес Родригес Испаниянын "Реал Мадрид" клубунан Англиянын "Эвертон" футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу англиялык клубдун расмий сайтына жарыяланды.

"Ушундай тарыхы бар жакшы клубга кошулганыма кубанычтамын. Бул клубду мени жакшы билген машыктыруучу (ред. Карло Анчелотти) машыктырат. Мен команда менен чоң ийгиликтерди багынтып, алдыга жылгым келет. Ошол себептен бул клубга кошулдум", - деген футболчу.

Футболчунун англиялык клуб менен келишими эки жылга (дагы бир жылга узартылышы мүмкүн) түзүлдү. "Эвертон" трансфер үчүн 22 миллион евро короткон. Клубда футболчу 19-номурда ойнойт.

Хамес Родригес "Реал Мадрид" клубунда 2014-жылдан бери ойноп келет. 2019/2020-жылкы сезондо колумбиялык футболчу жалпы 11 оюнга катышып, 1 гол киргизген. Белгилүү "Transfermarkt" порталы Хамес Родригести 32 миллион еврого баалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан