Баткенде окуучуларды үйүнө чакырып окуткан мугалим: "Онлайн сабакка 4 гана окуучу катышып, калгандарынан жооп келген жок"

Кечээ, 8-сентябрда Баткенде окуучулардын бир бөлмөдө топтолуп окуп жатканын чагылдырган сүрөт тараган. Анда сүрөткө "мугалим окуучуларды онлайн окута албай үйүнө чакырып окутуп жатат" деп түшүндүрмө берилген. Интернетке желдей тарап, социалдык тармактын колдонуучулары арасында кызуу талкуу жараткан сүрөт тууралуу Билим берүү министрлиги түшүндүрмө берген. Ал эми коомчулукта онлайн окутууга окуучулар эле эмес, мугалимдер да даяр эместиги тууралуу айтылган сын-пикирлердин аягы тыйыла элек.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Баткендеги мугалим Миргүл Эмишовага байланышып, окуянын чоо-жайын билди.

- Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз, канча жылдан бери мугалим болуп эмгектенесиз?

- Мен Эмишова Миргүл Жумабаевна учурда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Паскы-Арык айылындагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенем. 40 жылдан бери башталгыч класска сабак берем. Ушул убакыт аралыгында көптөгөн ийгиликтерге жетиштим десем болот. Билим берүү министрлиги тарабынан эмне сыйлык болсо, ошонун баарын алдым. Мен негизи окуучуларым менен өтө тыгыз иштешем, бир жасаган көргөзмө куралымды кайра кийинкиде көрсөткөндөн уялат элем, дайыма жаңы көргөзмө куралдарды алар менен бирге даярдап, сабакты кызыктуу өткөнгө болгон күчүмдү жумшап келем.

Миргүл Эмишова окуучулары менен

(архивдик сүрөт)

- Онлайн окутуу сизге жактыбы? Аралыктан окуунун кандай оң жана терс жактарын байкай алдыңыз, кандай жаңычылдыктарга туш болдуңуз?

- Онлайн окутуу бул акыркы кырдаалга байланыштуу аргасыздын иши болуп жатпайбы. Мага жаккан деле жок. Оң жагы балдар техниканы жакшы түшүнүп, өздөштүрүп калышат экен, кийин келечегине кереги тиет да. Терс жагы балдардын билимине кедергиси тийип жатат, толук кандуу билим ала албай жатышат. Биздин айыл Тажикстан менен чектеш болгон үчүн интернет негизи эле жай иштейт. Айылда анын үстүнө бирдик деген, телефон деген көйгөй бар. Бир үйдө бир телефон болсо аны менен 5 бала окуйт, ата-энелер телефон колдонгонду өздөрү дагы жакшы түшүнбөйт.

- Сүрөт боюнча кененирээк айта кетсеңиз. Окуучуларды үйгө чакырууга эмне түрткү болду? Үйдө канча жолу өттүңүз сабакты?

- 1-сентябрь күнү "Сүйүктүү Кыргызстаным" деген темада онлайн сабак өтсөм, 4 гана окуучу катышып, калгандарынан жооп келген жок. Ошол себептүү мен 3-А-класстын вотсапп тиркемеси аркылуу ата-энелер группасына жаздым. "Балдар, ден соолугуңар жакшыбы? Сабакка эмне себептен катышпай жатасыңар?" деп сурасам, ата-энелерден "Биз интернетке кошула албай жатабыз, вотсапп иштебей жатат" деген жооптор келди. Анан мен Zoom тиркемесине кирип өтөлү деген сунушумду айттым. Анда алар ага дагы кошула албай жатышканын, мени көрсөтүп берүүмдү өтүнүшкөнүнөн макул болгон элем.

Ата-энелер эртең менен мал жана башка оокат менен өздөрү келе алышпайт. Ошого окуучуларды жиберишкен. Сөзсүз бет кап тагынып келгиле десем, кызыгы алар форма кийип, сумка көтөрүп китептерин салып алып мектепке келгендей болуп келип алышыптыр. Балдар мектепти сагынган окшойт. Эжекелеп эшикте кыйкырышат. Аларды сыртка коюп койгон да болбойт, сыртта машина өтүп жатат балдар шоктук кылышы мүмкүн, куушмай же түртүшүп ойнойт. Анан үйгө киргизип, аралыкты сактоо менен отургузуп, көтөрүп келген китептеринин номерин жаздырып калган элем. Бул убакыт болгону 20 мүнөткө созулду, бир эле күн келишти. Азыр болсо вотсапп аркылуу аралыктан сабак өтүп жатабыз.

- Бул сүрөт кандайча тарап кетти. Интернеттен көрүп кандай абалда болдуңуз?

- Кандайча тарап кеткенин чынында билбей турам. Мен жөнүндө жакшы сөздөр айтылып жатканы менен, баары бир жүрөгүм тынч эмес. Кесипкөй мугалим деген өңдүү жылуу сөздөр айтылганы менен, жүрөгүм ооруп турат. Эки күндөн бери уйку жок. Башында сүрөттү чыгарган адамдын "онлайн сабак өтө албаган мугалим сабакты үйүндө өтүп жатат" деген сөзү мага катуу тийди. Мен окуучуларга гана жардам берейин дегем.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
tynar92kg
2020-09-09 17:39:25
Азаматсын эжеке
+17
Senator
2020-09-09 18:20:28
Азаматсыз эжекем
+11
fak
2020-09-09 18:38:44
Алга Алга жана Алга!!!
+11
fak
2020-09-09 18:39:19
Ишинизге ийгилик,озунузго ден-соолук каалайбыз!!!
+12
nazira...
2020-09-09 21:36:03
Покту жешиптир эжеке. Эркек экенсин, молодец. Окута берин, и так эле балдар чогуу ойноп журушот го, тем боле айылда, шаар болсо бир жон. Балдар эмес биз кыйналып кеттик тушунбой. Рахмат силерге 30,40 баланы окуткан, бир баланы окута албай шайыбыз кетип открабыз го. Кайсы акмак чыгарып жи.ерди экен, наадан экен накта.
+11
mira28
2020-09-10 02:21:03
nazira...,мен айтпайын деген созду айтыпсыз. Эже сизге кысым болгудай болсо арканызда колдоп турган кыргыз эмнелери бар. Башынызды оорутуп сыгылбаныз. Суроттордон корунуп турат активный позитивный мугалим экендигиниз. Азаматсыз.
+1
Nurelmadina
2020-09-09 21:50:13
Алдыда кетсен көз тийет аркада кетсен сөз тийет болуптур да ежеке ит уро берет кербен журо берет сиз кылымыш кылган жоксуз кыжалат болбон ак ийилет бирок сынбайт сиз ишинизге берилген адам екенсиз кудай буйруса баары жакшы болот
+7
Ariz0112
2020-09-10 07:11:20
Эч жүрөгүңүздү оорутпаңыз сиздей мугалимди үлгүрүп сыйлап калуулары керек ошол издөө салып жаткандар.
0
Nursul
2020-09-10 08:03:15
Азаматсыз ишиңизге ийгилик ден соолукта болуңуз
0
Mylatka..
2020-09-10 08:15:45
Азаматсыз эжеке !!!
0
Amor
2020-09-12 13:56:24
Азаматсыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан