Бүгүн, 11-сентябрда Баткен районунун Жаңы-Жер айылында айдоочу рулга ээ боло албай, жол кырсыгына кабылды. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, дагы 2 жаран жаракат алганын ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдап, окуянын сүрөттөрүн жарыялады.
Жол кырсыгы эртең менен саат 06:37де Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 11-чакырымында (Жаңы-Жер айылы) орун алган. Анда Ауди 100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 2 адам (1967-жылы жана 1974-жылы туулган) ооруканада каза болду. Ал эми 1993-жылы жана 2005-жылы туулган 2 жаран ооруканада жатканы кабарланган.