реклама
super.kg logo

"Сот мени суроо берүү укугумдан ажыратты" Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин кезектеги билдирүүсү

 
Мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев билдирүү жасады. Билдирүүнү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Билдирүүдө Сагымбаев Кой-Таш окуясы боюнча ишти карап жаткан сотко нааразычылыгын билдирген.
"Судья Марат Сыдыков мени күбөлөргө суроо берүү укугумдан ажыратты. Мен суроо берип жаткан жерден "Альфа" кызматкерин менин берген суроомо жооп бердиртпестен сот залынан чыгарып жиберди. Муну менен судья бир тараптуу бийликтин тапшырмасын аткарып жатканын далилдеди.
Судья "сот залынан чыгарып салам" деп мага себеби жок байма-бай эскертүүлөрдү берүүдө. Бул аракетин УКМК тарабынан берилген атайын буйрук деп түшүнөм. Себеби, атайын кызматтын өзгөчөлүктөрүн жана эрежелерин айыпталуучулардын арасынан жалгыз мен гана жакшы билем. Мен тараптан берилген суроолор бийликтин чыныгы жүзүн ачууга жана мыйзамсыз иштерин ашкерелөөгө жардам бермек", - деп жазылган билдирүүдө.
Бул боюнча Кундуз Жолдубаевага байланышканыбызда маалыматты тастыктап, төмөндөгүлөргө токтолду:
"Канат Сагымбаев бул билдирүүнү бүгүн, 11-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча отурумдан кийин жазган. Эмнегедир сот бул иште айыпталуучу тараптын суроо берүү мүмкүнчүлүгүн чектеп жаткандай. Буга карата ал бир гана убактымды алып жатасыңар деп жооп берүүдө"
, - дейт Жолдубаева.
Канат Сагымбаевдин билдирүүсү боюнча Жогорку Сотко кайрылганыбызда, мекеменин маалымат кызматы төмөндөгүдөй жооп берди:
"Белгилүү болгондой, Кой-Таш окуясы боюнча процесс жабык өтүп жатат. Андыктан отурумда болгон учурлар боюнча комментарий берүү азырынча мүмкүн эмес. Ал эми бүгүн, 11-сентябрга белгиленген Кой-Таш окуясы боюнча отурум соңуна чыга элек. Ал бүткөндө райондук соттун басма сөз кызматы маалымат таратат" , - дешти Жогорку Соттон.


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
11.09.2020. 22:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
281
Катталган:
29-12-2017
Соӊку аракети:
17-09-2020 11:54
Жынысы:
Белгисиз
+6
Атамбаевке жалко. Сооронбайын адам деле эмес. Жыргатып жасаган же бир иши жок.
12.09.2020. 04:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
228
Катталган:
06-09-2017
Соӊку аракети:
27-10-2020 13:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Ka2sr1,Атамбаев не кылып жыргатып жиберди карызга тыгып койуп кирип кетти омур бою камап салыш керек эле
13.09.2020. 10:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1164
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
27-10-2020 11:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Ka2sr1,С.Жээнбековду өзү тандаган же эл тандап бердиби.
12.09.2020. 00:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
03-08-2016
Соӊку аракети:
25-10-2020 19:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек, Кыргызстан
+5
Кол жазмасы сулуу экен. Чындап эле өзү жазып жатабы же жактоочулары жазып берип жатты бекен?
12.09.2020. 12:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
210
Катталган:
07-02-2020
Соӊку аракети:
27-10-2020 13:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Экөө тең эле жегич
13.09.2020. 10:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
217
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
27-10-2020 02:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак ит кара ит баары бир ит, Атамбаев менен Жеенбеков абдан жакын дос болушкан 90 жылдардан бери,байлык бийлик экөөнү тең жолдон чыгарды,чычалабагыла эң президентке татыктуу жүзү бар көрсөң менин президентим деп сыймыктана турган бул Бакиев болчу,Путинге баш ийбейт койгону үчүн бийликтен кетти,калгандары орустун к**** жалайт кыргызды кул кылып салышты орустарга акмактар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
153831;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: