Рим папасы төшөк кумарын "Жараткандын берген ырахаты" деп айтты

Рим папасы Франциск "сүйүктүү адамың менен төшөк кумарына батуу же жакшы тамак жегендин өзү - Жараткандын берген ырахаты" деп айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Канааттануу түздөн түз Кудайдан келет. Ал католиктики, христиандыкы же дагы башканыкы эмес, ал болгону табият берген нерсе", - деп билдирген Франциск.

Понтификтин айтканына караганда, чиркөө "адамгерчиликсиз, орой жана ыплас канааттанууну" сындап келген. Бирок табигый, адамдык жана адеп-ахлактык ырахатка батууну ар дайым кабыл алган.

Ошондой эле Рим папасынын пикиринде, тамак жегендеги канааттануу адамдын ден соолугуна кам көрөт, ал эми төшөк мамилесинен алган кумар адамды жакшыртып, тукумду улантууга кепилдик берет деп эсептейт.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
sultan_bek
2020-09-11 15:54:42
бүгүнкү заманга шайкеш келбеген диний түшүнүктөргө , догмалар, мистикаларга ишенип диний фанат боло берүүнүн жашообузга эч пайдасы жок. Көбүнчө диний догмаларга ишенгендер аргумент менен сүйлөшпөйт. Жөн гана тиги дүйнөдө сурак болот деген сыяктүү жомоктор менен коркутканды салт кылып алышкан. Эч кандай сурак жок тиги дүйнөдө. Ал мистика.
-21
Jibakana
2020-09-11 16:19:15
sultan_bek,ой тоок мэээ,тооктукундай мээн жок экен...
+15
al-abu-kinesz
2020-09-11 17:14:36
sultan_bek, барып келиптирби бироо жарым, каяктан билдин жок экенин? Эч ким барып келген эмес, ошон учун атеисттер жок дешет, ыймандуулар бар дешет, акылга салганда ыктымалдуулук теориясы боюнча 50/50%. Атеисттер жон эле таянганга эч кандай негиз жок эле жокко яыгарышат, а ыймандуулар, куранга, пайгамбарыбызга (с.а.с) таянып акыреттин чындыгына ишенишет. Демек тараза ташы 1/0, бар экендигине ишене бер тууганым.
+11
nazira...
2020-09-11 19:24:06
sultan_bek,астафралла де, тооба кыл. Сага да ыйман кирсин
+4
Mister-X
2020-09-11 19:37:30
sultan_bek,Адам Кудайдын бар экенин акылы менен тушунот.Бетине эки тешик кылып козду берди ааламды корсун деп,кулак берди уксун деп,мурун берди дем алсын деп,ооз берди жесин деп,мээ берди ойлонсун деп...Бирок сен мээнди жакшы иштете албай жатасын го дейм...
+3
sultan_bek
2020-09-11 18:42:22
Негизи диний догмалар менен жашагандар молдодон укканынан башкасын уккусу келбейт.
-11
jigit.paren
2020-09-11 19:40:25
sultan_bek, Ислам дининде да төшөк рахатына чоң көңүл бурулат, аялыңды төшөктө моокумун кандыра албасаң чоң күнөөгө батасың, аялына мал сыяктуу ашпай адамча дене кумарын кандыра кошулуу абзел. Билип билбей эле сүйлөй бериштин кереги жок.
+6
Ruslan-Gaparov
2020-09-12 00:56:22
sultan_bek,тообо де атын да мусулманча екенго значет атаенен мусулман ошол аты койгон атаенендин жолун жолдосон бол
+3
marsel_kalmurzaev
2020-09-12 12:59:50
sultan_bek,башы жок десе
0
zhigitaly
2020-09-12 01:22:10
Айтпасаң да билебиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан