Кыргыз жигити "Поле чудес" берүүсүндө ийгилик жаратты

Ысык-Көл облусунун кулуну Бекболот Буланбаев "Поле чудес" программасына катышып, ийгилик жаратты. Белгилүү берүүлөрдүн катарын толуктаган "Поле чудес" программасында ал калпагын баса кийип, "Таласым" чыгармасын ырдаганы үчүн көпчүлүктүн купулуна толуп, учурда интернет желесинде кызуу кепке алынууда.

Буланбаев SUPER.KG порталына жеңиши тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

"2017-жылы окуп жүргөн кезимде интернеттен бул шоу-программаны көрүп, кызыгып калгандыктан катышып көрүүнү чечкем. Анан эл катары эле "Поле чудестин" сайтында жайгашкан суроолорго жооп берип, андан кийин бир апта аралыгында талап кылынган документтерди ал жакка салып жибердим. Ушул жылдын 15-июль күнү мага белгисиз номер чалып туулган күнүм менен куттуктап, долбоорго катышып кетүүмдү өтүнгөн чакыруу баракчасын жиберишти. Жеңиште бир сыналгы алдым, эч кандай өкүнүч да болгон жок. Бул күн мен үчүн туулган күнгө карата унутулгус белек болуп калды", - дейт Бекболот Буланбаев.

Кошумчалай кетсек, Бекболот Буланбаев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган. Учурда Новосибирск шаарында травматолог-ортопед адистиги боюнча аспирантурада окуйт жана Сибирдин Искитим шаарында иштейт. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur777
2020-09-16 01:08:17
Азаматсын!Ишине ийгилик,уй-булолук бакыт!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан