Европада октябрь жана ноябрь айларында коронавируска байланыштуу өлүмдүн саны өсөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү уюмдун Европа аймактык кеңсесинин директору Ханс Клюге билдиргенин батыш маалымат булактары жазышты.
"Коронавирустун жайылышы студенттердин окуу жайга кайтып келиши жана сасык тумоонун күч ала турган учуруна байланыштуу курчушу мүмкүн. Учурда Европада ооругандардын саны көбөйдү, бирок каза болгондордун саны салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда", - дейт Ханс Клюге.
Аталган уюмдан акыркы бир сутка ичинде дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адамдардын рекорддук көрсөткүчү катталганын маалымдашты.