Өлкөдө 17-сентябрда күндүз жана 18-19-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаап, абанын температурасы кескин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.