Орусиялык оппозициячыл саясатчы Навальный уулангандан бери интернет баракчасына биринчи билдирүү жазды

Бүгүн, 15-сентябрда орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный социалдык тармактагы баракчасына ууланып ооруканага оор абалда түшкөндөн бери биринчи билдирүү жазып, жубайы, уул-кызы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Анда саясатчы дагы эле бир нерсе кылууга дээрлик жөндөмү жок экенин, бирок өз алдынча, аппаратсыз дем ала баштаганын белгилеген.

"Баарыңарды сагындым. Мен дагы деле өз алдымча эч нерсе кыла албайм, бирок кечээ мен өз алдымча дем алдым. Эч нерсенин жардамысыз, керек болсо тамакка коё турган жөнөкөй клапандын жардамы жок эле. Өтө жакты. Укмуштуу, анан дагы көпчүлүгүбүз баалабаган процесс", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

Анын алдында Навальный дарыланып жаткан Берлиндеги "Шарите" клиникасы оорулуунун абалы кыйла оңолуп, керебетинен турганга жарап калганын, өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттан ажыратылганын маалымдаган.

Кийин немис коопсуздук органынын жогорку даражалуу өкүлүнүн билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар Навальный абалы оңолгондон кийин Орусияга кайтып келерин, ишмердигин улантарын жазып чыгышкан.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Ал 22-августта атайын учак менен Германияга жеткирилген.

Кийин дарыгерлер Навальный атайын уулуу зат менен ууландырылганын аныкташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан