Бүгүн, 16-сентябрда Кант шаарындагы стадиондордо Кыргыз Премьер-Лигасынын (КПЛ) 10-турдук оюндары болот. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт.
Оюндардын тизмеси: "Нефтчи" (Кочкор-Ата) - "Алай" (Ош), "Борбордук" стадиону (Кант шаары);
Башкы калыс: Дайырбек Абдылдаев.
"Абдыш-Ата" (Кант) - "Илбирс" (Бишкек), "Нитро Арена" стадиону (Кант шаары);
Башкы калыс: Зайниддин Алимов.
Оюндар саат 11:00дө башталат.
"Дордой" (Бишкек) - "Каганат" (Ош), "Борбордук" стадиону;
Башкы калыс: Денис Шалаев.
"Алга" (Бишкек) - "Кара-Балта" (Кара-Балта), "Нитро Арена" стадиону;
Башкы калыс: Тимурлан Чомонов.
Оюндар саат 16:30да башталат.