реклама
super.kg logo

Жалал-Абадга Мадина шаарынан келген 6552 Куран китеби жеткирилди

 
Кечээ, 15-сентябрь күнү Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан жиберилген 6 миң 552 даана Куран китеби тапшырылды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул Куран китептери облустун аймагындагы ар бир мечитке жана диний окуу жайларга 8 даанадан таратыларын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Равшан Эратов билдирди.
Куран китептери Жалал-Абад шаарына 248 даана, Сузак районуна 1 миң 776 даана, Базар-Коргон районуна 960 даана, Ноокен районуна 656 даанадан таркатылып берилди. Ал эми облустун башка аймактарына дагы толугу менен таратыла турганын облус казысы Абдулазиз Закиров баса белгиледи.
Муфтияттан келген бул аманатты тиешелүү жерлерге сөзсүз түрдө жеткиребиз. Бул китептер элибиздин, жеткинчектердин Куран окууда сабаттуулугун жоюуда түрткү берет деген терең ишеничтемин”, - деди Закиров.


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
16.09.2020. 17:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
29-05-2016
Соӊку аракети:
22-09-2020 18:14
Жынысы:
Белгисиз
-4
МашАллах
16.09.2020. 18:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
281
Катталган:
29-12-2017
Соӊку аракети:
17-09-2020 11:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арабтар оздору жазган китепти Кудайдын китеби деп бизди алдап жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
151461;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: