реклама
super.kg logo

Республикалык штаб: "Эмдөө иштери бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт"

 

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы эмдөө адамдын ооруларга карата коргонуу күчүн жогорулатат жана илдеттин күчөп кетишин алдын алат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча сезондук сасык тумоого каршы эмдөө үчүн вакцина өлкөгө алып келине баштады.

Эмдөө тобокелчилик тобуна кирген жактарга (Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги берген тизмеге ылайык) - өнөкөт оорусу барларга, кош бойлууларга, балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, карылар үйүндөгүлөргө, мектеп-интернатындагы балдарга, медицина кызматкерлерине жана 65 жаштан жогорку курактагыларга ыктыярдуу түрдө акысыз жүргүзүлөт.

"Илдет күчөшү ыктымал деп айтылып жатканына байланыштуу эмдөөдөн өтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу жергиликтүү бийлик органдары медицина кызматкерлери менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек. Саламаттыкты сактоо министрлиги профилактикалык иш-чараларды күчөтүүгө тийиш", - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Учурда вакциналар аймактарга жеткирилүүдө. Эмдөө иштери бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт.

Эмдөө иштерин кемчиликсиз уюштуруу боюнча жергиликтүү бийлик органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди.

Жыйындын жүрүшүндө чет мамлекеттерден келип жаткан жарандардын өлкөгө кирүүсү боюнча иштелип чыккан текшерүү алгоритмин так аткаруу тууралуу милдеттемелер коюлду.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
151461;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: