Жал кичи районунда өрт чыккан жерге "Тез жардам" кызматы келди. Күбөлөрдүн айтымында, жабыркагандар жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, саат 22:23тө Тыналиев көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр тартылып, учурда иш алып барып жатышат.