"Барселонанын" жаңы машыктыруучусу Рональд Куман чабуулчу Лионель Мессинин клубдан кетүү аракети боюнча биринчи жолу билдирүү жасады. Бул маалыматты чет элдик басылмалар жазышууда.
"Рональд Куман футболчу менен клубдун жетекчилигинин ортосунда чыр болгонун, бул кырдаал ага дээрлик таасир этпегендигин айткан.
4-сентябрда чабуулчу "Барселонада" каларын жарыялаган. Анын айтымында, ал клубда бактылуу болгон эмес жана кеткиси келген, бирок келишимге ылайык, ал командада калууну чечкен.
Лионель Месси каталониялык клубда 2003-жылдан бери ойноп келет. Команда менен Испаниянын он жолку чемпиону жана Чемпиондор Лигасынын төрт жолку жеңүүчүсү, 6 алтын топун ээси.