Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Твиттердеги баракчасына: “BTS” биринчи жолу “Billboard Hot 100” чартында биринчиликке жетип, K-pop тарыхында жаңы бөлүмдү ачышты. Буга чейин K-pop музыканттарынын бири да бул ийгиликке жете элек болчу. Топ буга чейин «Billboard 200” чартында 4 ирет биринчиликти алышкан. Эми минтип эки чартта тең алдыңкы болушту. Сонун сезим. Бул K-pop менен сыймыктана турганга дагы бир себеп. «Dynamite» коронавирус менен күрөшүп жаткан бүт дүйнө элине үмүт тартуулаган ыр экен. Мен силерди чын жүрөктөн куттуктайм, “BTS”- деп ыраазычылык билдирүүсүн жазды. Корей элинин маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткан топтун ийгилигине өлкө башчысы да, күйөрмандар да ыраазы. Ал эми азыр сөздү дал ушул популярдуу топтун таланттуу мүчөсү Чон Хо Сок тууралуу улантмакчыбыз.
Кызыктуу макаланы “Супер-Инфонун” жаңы, №928 санынан окуй аласыз.