"Биримдик" партиясынан талапкер айыл тургунуна кайрымдуулукка 40 миң сом берди делген маалымат: партиядан билдирүү таратышты

"Биримдик" партиясынан талапкер айыл тургунуна 40 миң сом өлчөмүндө дарыланууга акча берген деген окуя боюнча аталган партиядан билдирүү таратышты.
"Ферузахон Исмайилова Ала-Бука районундагы Достук айылында көп жылдан бери дарыгер-терапевт болуп, "Носыралы" деген жеке медициналык борборун жетектеп келет. Эки райондун жашоочуларына медициналык жардам көрсөтүп келет.
Ферузахон Исмайилова кайрымдуулук кылып жатканда "Биримдик" партиясынын каттоосундагы талапкер статусун алып жүргөн эмес.
Аталган окуя Кыргыз өлкөсүнүн шайлоо мыйзамдарына ылайык добушту сатып алуу катары каралбайт. Аталган маселе тиешелүү органдар тарабынан каралгыча, бардык катышуучуларды алдын ала жыйынтык же тыянак чыгаруудан карманып туруусун суранабыз.
Аталган материалды Борбордук шайлоо комиссиясы Ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык топко берген.
Бул жөнөкөй гана муктаждарга берилген жардам экендиги көрүнүп турат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан