Бишкек шаардык мэриясы калаанын жашоочуларын эл аралык тазалык күнүндө ишембиликке чогулбай турууларын суранат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Бишкек шаарынын жашоочулары шаардык мэрия, коомдук уюмдар менен биргеликте масштабдуу ишембиликтерге катышып келишкен.
"Бул жылы пандемия өзүнүн өзгөртүүлөрүн киргизип, бүгүнкү күнгө чейин калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Буга байланыштуу биз шаардыктарды массалык ишембиликтерге чогулбай турууларын суранабыз. Вирус шаарда, вирус бардык жерде, вирус өлкөдө жана ал абдан кооптуу. Биз ар бир шаар тургунун өздөрүнүн үйлөрүнүн, кеңселеринин короолорун, айланасын ирээтке келтирип, тазалоолорун сунуштайбыз", - деп жазылат маалыматта.
Таштандыларды чыгаруу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасына убагында төмөнкү номерлер аркылуу арыз бериңиздер.