Социалдык тармактарда 8 жаштагы баланын кыргыз ырларын көркөм окугандагы видеосу тарады.
Анда ал кичинекей болгону менен ырларды чоң акындардай чебердик жана берилүү менен окуп бергени колдонуучуларды таң калтырган. Окуучу бала акын Алтынбек Исмаиловго таандык "Жүрөгүмдө Кыргызстан", "Байка кыргыз, бир нерсе башталууда" жана акын Максат Жангазиевдин "Интернет чыга электе" аттуу ырларын окуган.
Бул видео жарыялангандан кийин 8 жаштагы балакайга карата жылуу пикирлер жазылууда. Колдонуучулар бул ырлар бүгүнкү күндөгү актуалдуу көрүнүштөргө байланыштуу экенин белгилеп кетишкен. Ал эми айрымдары жаш баланын ырын шайлоого карата адамдардын добушун сатпоого үндөө катары кабылдашкан.