Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 2 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, илдет аныкталган 2 медицина кызматкери Баткен облусунда катталган.
Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 18 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3199 учур катталды, алардын ичинен 2801 медкызматкер айыгып чыкты.