Ош шаарындагы кинотеатрды оңдоо иштерине салым кошуу үчүн марафон өтөт

Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы кинематографисттер департаменти Ош шаарындагы "Кыргызстан" кинотеатрын оңдоо иштерине салым кошуу үчүн марафон өткөрөт. Марафон 10-декабрь күнү саат 10:00дө "Кыргызстан" кинотеатрында өтөт. Министрликтен белгилешкендей, аталган имарат көп жылдан бери каралбай, эскилиги жетип, мезгил талабына жооп бербей калган. Андыктан кинотеатрды калыбына келтирип, кино маданиятынын өнүгүүсүнө салып кошууну каалагандарды министрлик "Кыргызстан" кинотеатрында өтчү марафонго чакырат.           

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан