Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 196 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 71 адам каза болсо, 2 миң 616 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 915 (айыккандар 988);
Санкт-Петербург шаарында - 209 (айыккандар 105);
Москва облусунда - 193 (айыккандар 169);
Ростов облусунда - 177 (айыккандар 31) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 109 миң 595 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 19 миң 489 адам каза болсо, 911 миң 973 бейтап айыгып чыкты.