Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы каналга 2008-жылы туулган У. уулу И. аттуу бала түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу тартылып, саат 20:20да баланын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.