Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 215 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 160 адам каза болсо, 5 миң 976 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 980 (айыккандар 1191);
Санкт-Петербург шаарында - 211 (айыккандар 106);
Москва облусунда - 172 (айыккандар 165);
Ростов облусунда - 181 (айыккандар 139) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 115 миң 810 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 19 миң 649 адам каза болсо, 917 миң 949 бейтап айыгып чыкты.