реклама
super.kg logo

Менин жерим: Төө буурчагы менен даңкталган, таланттарга бай Таластын Боо-Терек айылы тууралуу баян

 

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айыл аймагы тууралуу сөз болот. Айылдын тарыхы, климаты, административдик мекемелер, чыгаан инсандар тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Акылбек Жашарбеков баяндап берди.

Боо-Терек айыл аймагы бир айылдан турат. Деңиз деңгээлинен 1040 метр бийиктикте жайгашкан. Калкынын саны 6 миң 578 адам. Айыл таза суу менен 40 пайыз камсыз болгон. Бюджети 5 миллион 776 миң сом.

"Айыл аймагы 1876-1883-жылдар аралыгында негизделген. Ал учурда Ключевка деп аталган. 1990-жылдары айылдын атылышы Күмүштак деп өзгөртүлгөн. Ал эми Боо-Терек аталышын 1992-жылы алган.
Айылдын аталышы эмне үчүн Боо-Терек аталып калган?
"Айыл тууралуу эл оозунда айтылып жүргөн уламышка токтолуп өтөйүн. Боо-Терек - бул олуя адам болгон. Ал ушул айылда жашаган. Анын бою 5 метр, салмагы 2 тоннага жакын болгону эл оозунда айтылып жүрөт. Боо-Теректин агалары Адамия ата, Калпа ата, Бозтектир ата мазарлары Чаткалда жайгашкан. Боо-Терек ата ушул жерде каза болуп, сөөгү коюлган. Анын мүрзөсүнөн анча алыс эмес жайгашкан жерден чыккан терекке эл зыярат кылып баштап, бара-бара бул жер мазар болуп калган. Кийин СССРдин убагында орус улутундагы киши ушул теректи кыйганда бул дүйнө менен кош айтышкан. Теректи кыйганга буйрук берген адамдын эки баласы каза болуп, өзү акылынан айнып калган деген кеп бар. Б. аттуу адам башка бир кийинчерээк теректин бир бутагын кесип алганда, андан кан дыркырап чыккан экен. Ал киши коркуп айылына барып Кудай тамак өткөргөн экен. Ошол күндөн тартып, мазарга элдер көп келе баштаган деген маалымат бар. Бул ыйык жердин архитектурасы кызык. "Анын архитектуралык композициясы дээрлик Манастын күмбөзүнө окшош" деген окумуштуу Бакыт Аманбаев", - дейт Акылбек Жашарбеков.
Айылдан чыккан чыгаандар:
Кыргыз элинин сыймыгы, белгилүү аткаруучу, обончу, ырчы Чубак Сатаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу Тургуналы Нурматов Боо-Терек айылынын сыймыктуу уулдарынын сап башында турушат. Азыркы учурда Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаев ата өнөрүн аркалап, атанын атын чыгарып келе жатат. Кыргыз эстрадасындагы үлгүлүү чыгармачыл үй-бөлөлөрдүн катарын толуктап келе жаткан "Кеңеш" тобунун ырчысы Мүзүр Мамбетов дал ушул айылдын сыймыктуу кулуну. Ал эми спорт жаатында кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиону Жанболот Осмонов ушул айылда жарык дүйнөгө келген.
Айылда 2 мектеп, 2 бала бакча, 1 ФАП, маданият үйү, 1 күрөш зал бар. Мындан тышкары №41 кесиптик лицейи жаш адистерге билим берип келет.
"Айылда Күмүштак, Кызыл-Нура, Боз-Тектир, Боо-Терек деген касиеттүү жерлер бар. Күмүштак токойунда күмүш көп болгондуктан ушундай аталышты алып калган экен".
"Айылыбызда башка региондордогудай эле кыш 3 ай болсо, жай 3 айга созулат".
"Айыл эли негизинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенишет. Айылдын дээрлик 95 пайызы төө буурчак айдашат. Мындан сырткары буудай, жүгөрү, помидор, картошка, беде айдашат. Жергиликтүү жашоочулар өздөрү өндүргөн помидорду башка аймактарга сатыкка чыгарышат. Айылда кара өрүк көп болгондуктан Казакстанга экспорт кылып келишет".
SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.

Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
23.09.2020. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
12-01-2020
Соӊку аракети:
20-10-2020 13:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
жакшы айыл экен
26.09.2020. 14:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
159
Катталган:
01-09-2013
Соӊку аракети:
18-10-2020 09:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас Кара-Буура
0
ЭКС Призидент Роза айым да ушул айылдын кызы беле же келини беле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
153421;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: