Латын америкалык ырчы жана актриса Женнифер Лопес келишимдүү дене мүчөсү менен түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, күйөрмандарын кубантты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Сүрөттө ырчынын дене мүчөсүнөн анын спорт менен машыгарын көрүүгө болот. Ал нымдуу чачы менен сууда түшкөн сүрөтү төрт миллиондон ашык "жакты" белгисин топтогон.
Көпчүлүк күйөрмандары ырчынын 51 жашта экенине ишенгилери келбей турганын жазышса, көбү суктанып, ушундай дене түзүлүштү алып жүргөн ырчыга баа беришкен.