Айрым жарандар беткап тагынууну жана санитардык нормаларды сактоону унутту. Бул тууралуу бүгүнкү өткөн брифингде өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, учурда той бергендер көбөйүүдө.
"Айрым жарандар оор күндөрдү эстен чыгарышты. Учурда той бергендер көп болуп жатат. Беткап тагынууну жана санитардык нормаларды сактоону унуткан жарандар бар. Сиздерден бир гана нерсе суранабыз. Талаптарды так сактоо зарыл. Ал эми өкмөт өз кезегинде оорунун экинчи толкунун болтурбоо үчүн бардык иш-аракеттерди көрүп жатат", - деди премьер-министр.