Кыргыз мушкери Бахрейнде өтө турган турнирге катыша албай калды

Кыргыз мушкери Рыскулбек Ибраимов эртең, 24-сентябрда Бахрейнде өтө турган "BRAVECF 42" эл аралык турнирине катыша албай калды.

Маалыматка ылайык, Рыскулбек Ибраимов Бахрейнге коронавирус пандемиясынан улам бара албай калган. Бул турнирде Кыргыз мушкери орусиялык күчтүү делинген 26 жаштагы Касум Касумов менен беттешмек. Эки мушкердин беттеши жокко чыгарылды.

Рыскулбек Ибраимов өзүнүн карьерасында жалпы 21 беттешке катышып, 17 жолу жеңүүчү аталса, 4 жолу жеңилүү ызасын тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан