Япония октябрь айынын башынан тарта чет өлкөлүктөрдү кабыл ала баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.
Октябрдан тарта Японияга үч айга чейинки убакытка иш сапары менен же окуу максатында баргандар гана кире алат. Өлкөгө киргенден кийин чет элдик жарандар сөзсүз 14 күндүк карантинден өтүшөт. Туристтер үчүн азырынча өлкөнүн чек арасы жабык.
Япония сырттан келгендердин санына чектөө койгон. Ага ылайык, бир күндө Японияга миңден ашык адам кирбеши керек. Азыркы тапта коронавирус пандемиясынан улам Япониянын чек арасы 159 өлкөгө жабык.