Президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев менен онлайн кеңешме өткөрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу, коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш тууралуу иштер, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу чаралары жөнүндө маалымат берилди.

Орозбек Опумбаев Жогорку Кеңеш шайлоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, анын алкагында УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын биргелешкен иш-чаралар планы даярдалганын айтып берди.

Ошондой эле улуттук коопсуздук органдары тарабынан шайлоо маалында коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүүгө жол бербөө жана өлкөнүн стратегиялык объектилеринин антитеррористтик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар уюштурулган.

Мындан сырткары, УКМК төрагасы 2020-жылдын 17-сентябрындагы Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруу максатында кызматкерлердин кызматтык тартиби кошумча күчөтүлгөнүн, Коопсуздук кеңешинин системдүү коррупцияны жок кылуу пландарын аткаруу жана мониторинг боюнча жумушчу тобу менен өз ара аракеттешүү улантылып жатканын, мамлекеттик органдарда антикоррупциялык процесстерди уюштуруудагы кемчиликтерди жоюу тууралуу рекомендациялар менен сунуштар иштелип чыгып жатканын билдирди.

Ошону менен бирге Орозбек Опумбаев белгилегендей, санарип трансформация чөйрөсүндөгү долбоорлорго көмөк көрсөтүлүүдө. Бул иш-чаралардын алкагында УКМКнын киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борбору түзүлгөн, мамлекеттик башкаруудагы иштетилип жана колдонулуп жаткан бардык автоматташтырылган система боюнча иштер жүрүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо процессин уюштурууда коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун, өлкө аймагына экстремисттик жана террористтик уюмдардын мүчөлөрүн киргизбөө максатында чек ара тилкелерине көзөмөлдү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекет башчысы кылмыш иштерин иликтөөнүн сапатын жакшыртуу, коррупциялык жана экономикалык кылмыш иштери боюнча келтирилген зыянды кайтаруу жаатындагы иштерди күчтөндүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле УКМКнын аймактык бөлүмдөрүн коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча иштерин күчөтүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан