Эртең, 25-cентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +22...+27;
Талас жергесинде түнкүсүн +2...+7, күндүз +17...+22;
Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +18...+23;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүз +18...+23;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз +3...+8 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +7…+9, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.