"Кайрадан башка абакка". Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Молдовановкадагы №27 абакка которулду

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагынан Молдовановкадагы №27 абакка которулду. Бул тууралуу маалыматты анын жактоочусу Замир Жоошев тастыктады.
"Сапар Исаковду эмне себептен башка абакка которушканы азырынча белгисиз. Бул боюнча ЖАМКга кат жаздык, бирок жооп келе элек. Кечээ, 23-сентябрда жактоочу Бакыт Автандил уулу №27 колонияга Исаковго жолугуу үчүн барган. Бирок жактоочунун ПЦР анализи жок болгондуктан, абакка киргизишкен эмес. Бизге жеткен маалымат боюнча Сапар Исаковду аталган колонияга 23-сентябрда которушуптур", - дейт Жоошев.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкектеги СИЗО-1ден Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына которулган.

Мурдагы өкмөт башчы ЖЭБди жаңылоодогу коррупциялык иштерди жасаганга күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу жана Бишкектеги Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча айыпталып, шаардык сот тарабынан 18 жылга эркинен ажыратуу чечими чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaka78
2020-09-24 20:47:28
Кууратты байкушту, Аллахтан жардам брлуп,чыгып кете көр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан