Баткен облусунда үй шартында той өткөргөн 9 жаранга айып салынды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, аппаратынын жетекчиси жана тийиштүү кызматкерлеринен түзүлгөн облустук комиссия район, шаарларда бет кап режими жана санитардык талаптардын аткарылышы боюнча мекеме, ишканаларга рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы облус боюнча 63 мамлекеттик мекеме, ишканалардын санитардык абалы текшерилди.

"Кечээ, 24-сентябрь күнү жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы менен үйүндө көп адам топтоп, той өткөргөн 9 жаранга 3 миң сомдон айып салынды. Ал эми бир күндө жалпы 133 ар кандай багыттагы ишканалар текшерилип, 25 ишканага 93 миң сом айып салынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shaa-82
2020-09-25 11:03:17
Андайлар толтура болуп ататго. Кафе ресторандын алды пробка, машина толтура,Уйдо откоргондорду айтпайле коеюн кафелердин сыртындагы машиналар озу 50дой, ар биринде кеминде 2 же толтура адам келишет. Козомолдосонор бирдей баарын тегиз козомолдогулода.
+3
Ziregim
2020-09-25 21:39:34
Партиялар 700,800 ,1000 киши жыйып атат ошолорго салгыла бетбактар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан