Асель Енгалычева: “Менин максаттарым “Кыргызстан” партиясынын программасына туура келет”

Асель Енгалычева, Көркөм гимнастика федерациясынын вице-президенти, “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.

Ал эмне үчүн “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка ат салышып жаткандыгы жана жаштарды тарбиялоого кошкон салымы жана максаттары тууралуу айтып берди.

- Эмне үчүн “Кыргызстан” партиясын тандадыңыз?

- Биринчиден, бул эң туруктуу партия жана өзүн эч нерсе менен булгаган жок. Мен партиянын лидерлерине ишенем, анткени бул адамдар менен биздин өлкөдө көп нерсе өзгөртүүгө болот. Мага партиянын катарындагы Чолпон Султанбекова, Наталья Кулматова сыяктуу күчтүү аялдар өзгөчө жагат.

Балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоо боюнча менин идея жана максаттарым, партиянын саламаттыкты сактоо, маданият жана билим берүү жаатындагы программасы менен түздөн-түз байланыштуу деп эсептейм.

- Жогорку Кеңештин депутаты болуп келгенде кандай демилгелерди көтөрүүнү көздөп жатасыз?

- Мен өзүмдүн негизги максатымды жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоодон көрөм. Бул маселелерде көп нерсени өзгөртүп, толуктоо керек. Өлкөнүн келечеги болгон жаш балдарды тарбиялап жатканда балдарга кызыктуу нерселерди жасоого атайын шарттардын жок экендигин, алардын иш жүзүндө уюштурулбагандыгына күбө болдум. Жаштарды тарбиялоого мамлекет тарабынан жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбайт жана колдоо көрсөтүлбөйт. Өспүрүмдөрдүн жана жаштардын арасында баңгичиликтин жана жаштар катышкан кылмыштардын саны өсүүдө. Мугалимдер жана тарбиячыларга мамлекеттин мамилесинен жана эмгек акынын аздыгынан улам алар жөнөкөй маалымат таратуу менен алек болуп калышкан. Голда Мейрдин “Эгерде сиздер күчтүү мамлекетке ээ болгуңуздар келсе, анда сизде эң көп маяна алган үч кесип болушу керек - доктур, аскер адамы жана мугалим” - деп айткандары эсиңиздеби?

Биздин партиянын программасында билим берүү тармагын реформалоо жана маданияттын жалпы деңгээлин өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурулган. Жогоруда белгилеп өткөндөй, менин бул багыттагы демилгелерим жалпы партиянын программасына шайкеш келет.

Менин тажрыйбам, балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоодо практикадан алган билимим ушул жерде колдонулушу мүмкүн. Бирок бизге мыйзам чыгаруу бийлигинин колдоосу менен мамлекеттик деңгээлде жаштарга патриоттук тарбия берүү программасы керек. Моделди биздин өткөн тарыхтан алууга болот: октябрчылар, пионерлер. Башкача айтканда, өз милдетин толук актаган балдар уюмдары же батыш өлкөлөрүнүн моделин - скаут кыймылын ылайыкташтыруу. Мыйзам чыгаруучу бийликтин колдоосу менен ал толук кандуу иштей алат.

Эгерде мамлекет жетиштүү көңүл бурса, жогорку деңгээлдеги кесипкөй педагогдордун жетишсиздигин дагы толтурса болот.

Керектөөчүлөрдүн эмес, өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөбөгөн чыныгы патриотторду тарбиялоо керек. Эмне үчүн калып жатышканын, эмне үчүн тарыхын сактап жатышкандыгын билүү үчүн алар өз өлкөсүн сүйүүгө тийиш жана маданий мурастарын, бул жердин тарыхын билиши керек. Билесизби, мындай дени сак жарандык патриотизмди балдарда тарбиялоо учурдун талабы. Менин оюмча, биздин өлкөнүн бардык ата-энелери мени түшүнүп, колдошот.

Менин демилгелерим аркылуу жогорудагы көйгөйлөрдү чечүүгө болот. Мен бул үчүн колдон келгендин бардыгын жасайм.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 26.09.2020)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан